Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу качан аяктайт?
Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта жыйынтыкталат.
Маалыматка ылайык, бул мөөнөттөн кийин күбөлүктү алмаштыруу акы төлөнүүчү болуп, анын баасы 1 389 сомду түзөт.
Ошол эле учурда 31-декабрга чейин айдоочулар күбөлүктү 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыра алышат.