М. Гордеев: «Машыгуу учурунда тиземди кокустатып алгам» — ВИДЕО

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 47

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеевдин Пекин шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарындагы катышуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР Улуттук олимпиада комитетинен маалымдашты.

Гордеев машыгуу маалында тизесин кокустатып алганын айтты.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Ынтымагы бекем болгон элибиздин бар экенине ар дайым кубанамын. Мени ар тараптан колдоого алып, шыктандырганыңар үчүн ыраазычылык билдирем. Тилекке каршы бүгүн менин күнүм эмес экен.  Милдетимди аткара албай калганыма абдан капа болдум. Машыгуу учурунда сол тиземди кокустатып алгам. Таң эрте бир аз ыңгайсыздык пайда болгон, бирок ага карабастан стартка чыктым. Лыжа тээп баратып бутум катуу ооругандыктан жыгылып кеттим”, — дейт ал.

16-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Спорт 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X