М.Маматалиев: «Алдыдагы шайлоодо административдик ресурс колдонулбасын»
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар ар түрдүү маселелерди карашты.
Депутат Арслан Малиев Жети-Өгүз районунун кайсы айылдарында ФАП, таза суу жок экенин санап берди. Ал Жети-Өгүз, Ак-Суу районунун көпчүлүк айылдарын “катаал шарттагы айылдар” статусуна киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдаганын айтты.
Депутат Сүйүн Өмүрзаков жер маселеси боюнча айтып, сот аркылуу алынып жаткан үйлөрдү жакшылап кароо керектигин Министрлер Кабинетине жолдоду.
“Көп адамдар банктан алган насыясы үчүн үйүнөн ажырап калышууда. Бул маселени терең карашыбыз керек. Жабыркагандардан мага кат келүүдө”, — деди.
Депутат Марлен Маматалиев үчүнчү маселе катары ушул айда өтө турган Свердлов, Биринчи Май райондорундагы шайлоону таза өткөрүү керектигине, болбосо “акча маселеси, административдик ресурс колдонулуп жатат” деген коңгуроолор болуп жатканын эскертти.
Депутат Айбек Алтынбеков жалпы республикалык тестирлөөгө тандалма эмес, бардык окуучуларды тартуу керектигин айтты. Мугалимдер жаман баа алган окуучуну “сен тестирлөөгө катышпай эле кой” деп кодулаган учурлар көп. Мындайга жол бербеш керек, — деди депутат.
Депутат Акылбек Түмөнбаев ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Баатыры, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 120 жылдыгы белгиленээрин, анын эстелигин курууну тездетүүнү суранды.
Көптөгөн депутаттар өз округдарындагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, Прездиенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытовго жолдошту.