Маданият тармагына жыл сайын 10 миллиард сом

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 74

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият жана искусство кызматкерлерин кесиптик майрамы – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Куттуктоосунда ал маданият улуттун жүзү, мамлекеттин руханий тиреги жана элдин тарыхый эс тутуму экенин белгиледи. Анын айтымында, кыргыз эли «Манас» эпосу, залкар күүлөрү, элдик ырлары, адабияты, кол өнөрчүлүгү жана көркөм өнөрү менен дүйнөгө таанылып келет. Бул мурасты сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги чоң.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, улуттук театр бир кылымдан бери элдин тарыхын, тагдырын, каада-салтын жана руханий дүйнөсүн сахнада чагылдырып келгенин белгиледи.

Куттуктоодо акыркы беш жылда маданий мекемелерди модернизациялоо, чыгармачыл демилгелерди колдоо жана улуттук мурастарды сактоо багытында иштер жүргүзүлгөнү айтылды. Мамлекет маданиятты өнүктүрүүгө жыл сайын жалпысынан 6–10 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүп жатканы белгиленди.

 

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X