«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов кармалды

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов 8-октябрда кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси («Уюшкан топ түзүү же ага катышуу») боюнча шектелүүдө.

Күч органдары тарабынан расмий маалымат бериле элек.

Турсунтай Салимов 1993-2010-жылдары «Мадина» ЖЧКсынын башкы директору, 2010-жылы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана  Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X