“Мафияны колдоп жатышат”. Ош базарынын соодагерлери соттторду кызматтан алып салууну талап кылышууда
Бүгүн, 21-июнда өкмөт үйүнүн жанында Ош базарынын соодагерлеринин стихиялуу соода мафиясы делгендерге каршы митинги өтүүдө.
Митингчилер Дилором Кадырованы 12 эпизод боюнча актаган Ленин районунун судьясы Таалайгүл Кадырованы кызматтан алууну талап кылышууда — митингчилер аны “мафиянын лидерлеринин” бири деп эсептешет.
“Дилором Кадырова мени участогумду сат деп мажбырлаган. Андан кийин шериктеринин жардамы менен мени өлтүрүп кетем деп коркутушкан”,-дейт митингге чыккандардын бири.
Анын айтымында, Кадырованы жолдошу, Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин бири Алтынбек Караев колдойт.
«Анын жардамы менен ал алгач үй камагына бошотулуп, андан соң бардык эпизоддор боюнча толук акталган. Эгерде акыйкаттык болбосо, мен өзүмдү өрттөйм, жогото турган эч нерсем жок», — деп белгиледи дагы бир нааразылык акциясынын катышуучусу.
Митингчилер “стихиялуу соода мафиясынын лидерлерин” кармап, жоопко тартууну талап кылышууда.
“30-июнда шаардык сотто Кадырованын иши боюнча сот процесси болот, бирок ал азыр боштондукка чыкты, азыр акчанын жардамы менен ишти жаап салам деп баарын чочутуп жатат”, — деди митингдин катышуучусу.