Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Ырыс-Ордо» — Кыргызстандын жаңы жүзүн тааныткан жай

29-август, 2026-ж. / Редакция / Күн собол 142

Заманбап архитектура менен кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн айкалыштырган «Ырыс-Ордо» ачылган күндөн тартып коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова имараттын масштабына, заманбап шарттарына жана улуттук колоритине жогору баа берди.

«Ырыс Ордону» көргөндө эң биринчи анын масштабына жана заманбап шарттарына суктандым. Бул жөн гана жаңы имарат эмес, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, өнөрүн жана чыгармачылыгын даңазалаган маанилүү жай болуптур.

Айрыкча, ушундай ири долбоордун ишке ашып, колдонууга берилип жатканы сыймыктандырат. Анткени мындай архитектуралык өзгөчөлүк — өлкөнүн жүзү десем жаңылышпайм.

Имараттын архитектурасы заманбап болгону менен, анда жети облустун тарыхы жана улуттук өзгөчөлүктөрү да чагылдырылган. Эң негизгиси, бул жер элге кызмат кылып, жогорку даражалуу коноктор менен жолугушууларды өткөрүүгө жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем», — деди депутат.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X