Майыптыгы бар адамдарды баккандарга азык-түлүк берилүүдө
Свердлов районунда бала кезинен I топтогу майыптыгы бар, туруктуу кароого муктаж адамдарды багып жаткан жарандарга азык-түлүк жардамын көрсөтүү уланууда.
Жардам алуучуларга ун, өсүмдүк майы жана буурчактан турган азык-түлүк топтомдору берилүүдө.
Демилге БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында ишке ашырылууда.
Райондук администрация бул багыттагы даректүү социалдык колдоо иштерин улантууда.