"Эркин-Тоо"

Май айынан тарта Орусияда мыйзамсыз жүргөн бардык мигранттар депортацияланат

2025-жылдын 1-майынан тарта Орусияда мыйзамсыз жүргөн бардык чет элдиктер депортацияланат. Ушул күнгө чейин мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу журналисттерге Россия Федерациясынын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой билдирди.

Анын айтымында, 5-февралдан тарта Орусиянын көзөмөлүндөгү адамдардын реестрине 670 миң чет элдик жаран киргизилет.

Ички иштер министрлиги өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мындай мигранттарды сөзсүз депортацияга туш болорун түшүндүрдү. Чек арадан чыгаруу 1-майдан башталат – ушул убакка чейин мигранттардын Орусияда жүрүүлөрүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

«1-майга чейин мигранттар ички иштер органдарына кайрылыш керек, эгерде алар мыйзамдарды сактаган жана биздин өлкөнүн аймагынан эч кандай шартсыз чыгарууну талап кылган беренелер боюнча мыйзам бузбаган болсо, биз аларды укуктук статусун мыйзамдаштырабыз. Бирок 1-майдан тарта өз каалоосу менен келип, бардык текшерүү процедураларынан өтүү мүмкүнчүлүгү жоголот. Депортациядан тышкары альтернатива болбойт», — деп баса белгиледи Горовой.

Орусиядагы чет элдиктердин мамлекеттик электрондук реестри 5-февралдан тарта иштей баштайт. Ачык маалымат базасында иш берүүчүлөр жана ишкерлер мигранттарды текшерүүгө мүмкүнчүлүк алган, милиция кызматкерлери ыкчам текшере алышат жана өлкөдөн чыгарууга да укук алышты.

Орусия Федерациясынын компетенттүү органдарынан алынган маалыматтарга караганда, Кыргыз Республикасынан келген мигранттардын саны кыскарууда.

2020-жылы Орусияда 596 миң 253 кыргызстандык болсо, 2021-жылы алардын саны 680 миң 599га жеткен. Бирок 2022-жылдан тарта төмөндөө байкалган: 2023-жылы 408 миң 448 адамды түзгөн, ал эми 2024-жылдын биринчи жарымында — 350 миң 916.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!