Май куюучу жайлар айыпка тартылды

КР Мамлекеттик салык кызматы текшерүү иштеринин натыйжасында, мунайзат сатуу тартибин эске албай иштеген 5 май куюучу жайга 175 миң сом айып салды. «Кызыл Петролеум», «Газпром Нефть Азия», «Партнер Нефть», «Роснефть», «Тренд Ойл» май куюучу жайлардын сатылуучу товардын кодун онлайн-режиминде салык кызматына бербегендиги аныкталган.

Белгилей кетчү жагдай, өлкөдөгү май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан тарта «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты көзөмөл-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш. Ошондой эле, ал маалыматтарды салык органына онлайн-режиминде берип туруулары зарыл.

Май куюучу жайларда мунайзат сатуу тартибин бузганы үчүн жеке ишкерлерге 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом  айып пул каралган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X