Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында калктын 89 пайызы жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Шаардагы №1, №3, №4 от казандарда жумуш жүргүзүлүп, жергиликтүү эл жылуулук менен камсыздалууда. Ал эми калган авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдө ширетүү иштери жүрүүдө»,- деп айтылат билдирүүдө.
Маалымдалгандай, ичүүчү таза суу берилген түтүктүн негизги бөлүгүнүн 15 чакырымында эритүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада калктын 30 пайызы таза суу менен камсыздалды.
Ошол эле учурда 26-январдан тарта ичүүчү таза суунун калган абоненттерге бере турчу тоңуп калган түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн 10го жакын жумушчу топ иш алып барып жатканы айтылды.
Эске салсак, 12-январь күнү катуу сууктун кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.
Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган. Мындан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.