Майып балдарга мамиле өзгөчө болушу керек
Биз Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаевге кайрылып, балдардын укугун коргоо, анын ичинен майыптыгы бар балдардын укугу боюнча шарият мыйзамдарынын талаптарын сурадык.
Кыргыз Республикасында 18 жашка чыга элек майыптыгы бар 38 миңдей бала бар. Алардын үч миңден ашууну атайын интернаттарда жашайт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 40%ы гана жалпы билим алат, ал эми калганы үйүндө ата-энесинин же жакындарынын багуусунда. Социологиялык изилдөөлөргө таянсак, майып балдарды баккан ата-энелер сутканын 12 саатын бала үчүн гана арнайт. Мындан улам көпчүлүк ата-энелер пенсия ала алышпай жана медициналык камсыздоодон четте калып келишкен. 2019-жылдан тарта балдары майып ата-энелерге ай сайын 4 900 сомдон төлөнүп берүү чечими кабыл алынып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине көмөк көрсөтүү максатында жеке жардамчы кызматы да ишке кирген. Бирок, дале көптөгөн ата-энелер балдарын багууда жеке жардамчы кызматын пайдаланышпайт. Жеке кызматтарды пайдаланган учурларда аларга болгон зомбулук фактылары катталып жаткандыктарын айтышат. Ал тургай Бишкекте 24-февралда майып балдардын ата-энелери коомдогу басмырлоого каршы маалымат жыйын өткөрүштү. Алар борбор калаадагы «Авангард клуб» спорт комплексинин кызматкерлери майыптыгы бар баланы кабыл албай басмырлаганын айтып, Президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Ата-энелер майып балдар билим алуудан да аксап келгендигин белгилешүүдө
Эске салсак, ушул жылдын 7-февралында Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо боюнча бир айлык жарыяланган.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө 4 миңден ашуун бала турмуштук оор абалда жашаганы аныкталган. Алардын 3,5 миңине жардам берилген. Калган 1,5 миңдейинин маселеси чечилген эмес. Ал эми укук коргоо органдарына балдарга карата зордук-зомбулук боюнча 417 арыз келип түшкөн. Анын 118и сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулар. Ушул маалыматтарды эске алып, балдардын укуктарын коргоо, аларды мажбурлап эмгекке тартууну аныктоо боюнча бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында майып балдардын маселелерине да көңүл бөлүү каралган. Анткени, акыркы жылдары майып балдарга да зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары көп каттала баштаган.
Ислам дининде эле эмес, бардык диний китептерде балдардын укугун коргоо жана аларды тарбиялоо боюнча аныктамалар бирдей жазылган. Эң негизгиси, балдарга эч качан кордук көрсөтпөө керек.
Балдарга тарбия берүүдө корс мамиле, уруп-согууга уруксат жок. Баланы тарбиялайм деп, аны ура берүүгө болбойт. Шарият мыйзамдарына ылайык балага тарбия берүү үчүн анын ата-энеси биринчи кезекте өзүн тарбиялашы шарт. Өзүнүн жүрүм-туруму менен үлгү көрсөткөн ата-эненин баласы жаман жолго барбайт.
Ал эми майыптыгы бар балдарга жасалчу мамиле өтө кылдат болууга тийиш. Майып баласы бар же аны баккан ата-эне чоң соопко ээ. Жашоодо адам ар кандай төрөлүп калат. Кээде бир мүчөсү, же акылы жетишсиз болот. Мындай учурда биз ата-энелерге “сизге чоң сыноо келди” деп айтып калабыз. Чындыгында ден соолугу чың балалуу болгон ата-энеге деле чоң сыноо берилет. «Аны кантип тарбиялайт? Укугун коргойбу? Татыктуу уул-кыздарды тарбиялап чоңойтобу?» деген маселелерди сыноо катары кабылдашыбыз керек. Демек, кандай бала төрөлбөсүн ата-эне сыноодо. Айрыкча майып балдарга коом дагы өзүнүн сый-урматын көрсөтүүсү шарт. Майып балага туура эмес мамиле кылган адам да сыноого кабылат. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укугун тебелесе, ошого жараша жазасын алат. Адамзатка дин бекеринен берилген эмес. Бул акылга таасир берген чоң идеология. Биз балдардын укугун коргоо маселелеринде шарият мыйзамдарына да кайрылып турушубуз керек. Шариятта баланы башка, бетке урганга тыюу салынган. Салттуу медицинада да бала жаракат алып калбашы үчүн башка жана бетке урганга болбойт. Негизи эле адамды башка, бетке койгулаганга тыюу салынган.
Балдарды тарбиялоо жана алардын укугун коргоо бала жаралганга чейин эле башталышы керек. Болочок ата-эне баласынын дени сак төрөлүшү үчүн өзүнүн ден соолугуна көңүл буруп, туура жолдо жүрүп, туура тамактанышы шарт. Учурда медицина да энелердин ден соолугуна кам көрүүдө алардын туура тамактануусуна көңүл буруп жатат.
Ар кандай шартта балдар майып төрөлүп жатышат. Кээ бир учурларда атасы энесине кордук көрсөтүп, уруп койгон мезгилде бала майып болуп төрөлөт. Андыктан баарыбыз адамдык асыл сапаттарга гана ээ болууга аракет жасайлы. Тарбиялуу коомдо адам укугу, балдардын укугу бузулбайт.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА