"Эркин-Тоо"

Чабанга чагылган түшүп, минип жүргөн аты мерт кетти — ВИДЕО

Сокулук районундагы Таш-Башат жайлоосунда мал жайлап жүргөн атчан кишиге чагылган тийди. Анын кесепетинен жаракат алып, минип жүргөн аты мерт кетти.

Жабырлануучу — 1984-жылы туулган Бекназар Кошалиев 12-июнь күнү саат 16:00-17:00 чамасында атын минип алып, адаттагыдай тайларды чогултуп жүргөн.

«Жайлоого чыгып, 1 жаш тайларды багам. Ошол күнү адаттагыдай эле тайларды чогултуп жүргөм. Анан жамгыр жаап баштады. Чагылган чартылдап жаткан. Бир маалда «тарс» этип, бомба жарылгандай эле болуп кетти. Эсиме келип турсам, минген атым жерде жатыптыр. Анан бир колумдун күйүп калганын сездим. Ошону менен азыр ооруканада дарыланып жатам. Чагылган аттын далысынан кирип, туягынан чыгып кетиптир. Ал дароо эле өлүптүр», — деди ал.

Анын айтымында, бир топ жыл мурун ушул эле жайлоодо чагылгандан 30 чакты кой өлгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!