Маматалиев Голливуд жылдыздарын Кыргызстанда кино тартууга чакырды

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык амбассадорлору болгон дүйнөлүк киноиндустриянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Россиянын эл артисти Наталья Аринбасарова, «Оскар» сыйлыгынын лауреаты, продюсер Збигнев Жмудский, Голливуд актёру Дон Уилсон, актриса Бай Линг, продюсер жана режиссёр Еркен Ялгашев жана Ассоль Молдокматова катышты.

Тараптар Кыргызстанды эл аралык кинодолбоорлор үчүн жагымдуу аянтча катары таанытуу, кино тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөнүн маданий мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө жайылтуу маселелерин талкуулашты.

Маматалиев Кыргызстандын кооз жаратылышы, тарыхы, маданияты жана салттары эл аралык масштабдагы кинодолбоорлор үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Чет өлкөлүк кино өкүлдөрү да Кыргызстан ири, анын ичинде Голливуд деңгээлиндеги тасмаларды тартууга ылайыктуу өлкө экенин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн чет өлкөлүк кино чеберлерине Жогорку Кеңештин сыйлыктары тапшырылды.

6-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X