Маматалиев Гумерова менен билим берүү маселесин талкуулады

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Россияны көп жылдык тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштар бириктирип турарын белгилеп, билим берүү тармагындагы кызматташтыктын маанисине токтолду.
Тагыраагы Кыргызстанда орус тилинде билим бере турган тогуз жалпы билим берүү мектебин куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн россия тарапка ыраазычылык билдирди. Аталган долбоордун алкагында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы алгачкы үч мектепти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Баарлашууда кыргыз жарандарынын балдарын Россиядагы мектептерге кабыл алууда тестирлөөдөн өткөрүү маселеси тууралуу да сөз болду.
Төрага өлкөдөгү орус тилинин расмий тил макамын эске алуу менен кыргызстандык балдарды тил билүү деңгээлин аныктоочу милдеттүү тестирлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле Кыргызстандын мектептеринин базасында алдын ала тестирлөө жана консультациялык колдоо көрсөтүү борборлорун түзүү демилгесин ортого салды.
Аны менен катар Россия тарап жыл сайын кыргызстандыктарга жогорку окуу жайларда билим алуу үчүн 700 квоталык орун бөлүп келе жатканын белгилеген Марлен Маматалиев бөлүнгөн квоталардын санын биринчи кезекте Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы алдыңкы университеттерге көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.
Ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүнүн, жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун жана илимий-билим берүү багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Өз кезегинде Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова жолугушуу үчүн Төрага Марлен Маматалиевге ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык кызматташтык кыргыз-орус мамилелеринин ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи.
Муну менен катар Россия тарап кыргыз жарандарынын Россияда билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да кеп кылган Лилия Гумерова жалпы тарыхый-маданий мурастарды сактоо багытында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар парламенттер аралык диалогду мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен демилгелерди колдоо Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдиришти.
Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Нуржамал Торобекова, Болот Сагынаев жана Гүлжан Сатиева да катышты.
19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X