Маматалиев өлкөдөгү өзгөрүүлөр тууралуу
2-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясын Төрага Марлен Маматалиев ачып, өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жана жетишкендиктерге токтолду. Төрага мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши менен билим берүү, саламаттык сактоо, жолтранспорт тармактарында жана башка социалдык багыттарда мурда болуп көрбөгөндөй жаңылануулар жүрүп жатканын белгиледи.
2021–2025-жылдары республика боюнча жалпы 673 билим берүү объектисинин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктаганын кошумчалаган парламент Төрагасы 2026-жылдын 31-августуна карата 56 билим берүү объектисинде жумуштар толугу менен бүткөрүлгөнүн, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектиси ишке берилерин айтты.
Андан тышкары, 2021–2025-жылдары республикалык бюджеттин жана башка булактардын эсебинен 21 саламаттык сактоо объектисинин курулушу аяктап, быйылкы жылдын аягына чейин дагы 40 медициналык жай салынаарын баса белгиледи.
Соңку убакта өлкөдө миңдеген чакырым жолдор жаңыланып жатканына токтолгон Марлен Маматалиев “Бул жөн гана сандар эмес. Ар бир жаңы мектеп – балдарыбыздын келечеги. Ар бир медициналык мекеме – адамдын өмүрү жана ден соолугу. Ар бир чакырым жол – аймактардын өнүгүүсү жана экономиканын жаңы мүмкүнчүлүгү” деген пикирин билдирип, өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү ырааттуу фактылар менен ташка тамга баскандай тизмектеди.