Маматалиев спортчуларга сыйлык тапшырды
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Шотокан каратэ-до (SKIF) боюнча XV дүйнөлүк биринчиликте байгелүү орундарды ээлеген кыргызстандык спортчулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту.
Жолугушууда төрага спортчуларды ийгилиги менен куттуктап, Кыргызстандын намысын дүйнөлүк аренада татыктуу коргогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жогорку жыйынтыктарга жетүүдөгү машыктыруучулардын эмгегин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында спортчуларга 200 миң сомдук сертификат тапшырылып, машыктыруучулар Жогорку Кеңештин Төрагасынын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчилик 9-15-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өтүп, ага 47 өлкөдөн 1140 спортчу катышкан. Кыргызстандык 55 спортчу ката, кумитэ, командалык ката жана командалык кумитэ дисциплиналары боюнча күч сынашкан.
Мелдеште Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов да 40 жаштан жогорку спортчулар арасында якусоку кумитэ боюнча үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль жеңип алган.
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль утуп, жалпы командалык эсепте 11-орунду камсыздаган.