Мамбет Калмуратов: Ичүүчү таза суу көйгөйүн чечсек, элдин көп маселеси жеңилдейт
Жоош айыл өкмөтү – калкынын саны 38 миңден ашкан, сугат жери кеңири, дыйканчылык менен алектенген аймак. Бирок, мындай мүмкүнчүлүктөр менен катар эле ичүүчү таза суу аймактагы башкы көйгөйлөрдүн бири болуп келет.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбет Калмуратов бул кызматка келгенине бир жылга жакындап, аймактагы негизги маселелерди чечүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жатат. Анын ичинде таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, мектептерди жана бала бакчаларды куруу, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өнүктүрүү фонддору жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу сыяктуу маанилүү багыттар бар.
2026-жылы Жоош айыл өкмөтүнүн бюджети 77 млн сомго бекитилип, анын 33 млн сому жергиликтүү маселелерди чечүүгө багытталган. Аймактагы 4300 гектар сугат жер Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, жолдор асфальтталып, жаңы ишканалар ачылып, социалдык объектилерди жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн жасалып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар тууралуу Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбет Калмуратов менен маектештик.
– Мамбет мырза, Жоош айыл өкмөтүндө ичүүчү таза суу көйгөйүн чечүү боюнча бир топ алгылыктуу иштер жасалып жатыптыр. Бул тууралуу айтып берсеңиз?
– Жоош айыл өкмөтүнө келгениме бир жылдын жүзү болуп калды. Аймактагы эң негизги көйгөй — ичүүчү таза суу. Ушул маселени чечсек, элдин көп көйгөйү жеңилдейт деп ойлойм. Таза суу маселеси боюнча 10 айыл өкмөт республикалык бюджетке кирген. Азыркы учурда айыл өкмөт тарабынан аткарылуучу иштердин баардыгы жасалып, 3 гектар жер трансформацияланды. Буюрса, 2027-жылы 10 айылга ичүүчү таза суу киргизүү иштери башталат.
Айыл өкмөт тарабынан да айылдарга демөөрчүлөрдү тартып, бир топ иштерди аткарып жатабыз. Бүгүнкү күндө аймак боюнча үч скважина, Кызыл-Кош айылына «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан бир скважина коюлуп, таза суу маселесин 99 пайыз чечтик.
Агартуу айылында да демөөрчүлөрдүн жардамы менен айыл ичин таза суу менен камсыз кылуу максатында 700 кубдук резервуар курулуп, пайдаланууга берилди. Маданият айылында дагы бир скважина жакынкы күндөрү ишке берилүү алдында турат. Биздин негизги суубуз Котур-Булак деген булактан келет. Ал жакка жаз айларында 1 млн сом каражат бөлүп, дренаж каздырып, суу алып келгенбиз. Зарбалик айылына да демөөрчүлөрдүн сунушу менен скважина коюлуп, буюрса, бул айылдын тургундары да таза суу менен камсыз болуу алдында турат.
Питомник айылынын тургундары да демилге көтөрүп, скважина коюшту. Айыл өкмөт да демилгени колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом каражат бөлүп бердик. Жогоруда белгиленгендей биздин аймактын намыстуу жигиттеринин колдоосу менен мындай иштердин жыйынтыгында айылдардагы таза суу маселесинин 70 пайызын чечебиз деп турабыз.
Буга чейин аймак боюнча 2-3 эле скважина болуп, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жетишсиз болуп келген. Жоош айыл аймагынын эли көбүнчө Котур-Булактан келген сууну ичкендиктен, жай айларында таза суунун тартыштыгы жаралчу. Ошондуктан бүгүнкү күндө бул багыттагы иштерди биринчи орунга коюп жатабыз.
– Аймактагы ички жолдорду оңдоо боюнча кандай иштер аткарылууда?
– Жол боюнча да бир топ иштер аткарылып жатат. Питомник айылында 1,5 км ички жол, Кызыл-Кошчу айылында 2 кмге жакын ички жол, Мамажан айылында жалпы 4 км жолдун 2 км Транспорт министрлиги аркылуу, 2 км жеке демөөрчү тарабынан асфальтталды. Азыркы учурда түрткү берүүчү гранттын эсебинен Маданият айылында 1 км ички жол асфальтталып, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Большевик айылында 3 км жол асфальтталат деп турабыз.
Биз Транспорт министрлигине бир топ жолдорду асфальттоо боюнча сунуштарды жибергенбиз. Ошол себептүү тизмеде турган жолдорубуз да бар. Негизгиси, Кара-Суу совхозунда 5 км жол Транспорт министрлиги аркылуу жасалып, ошондой эле Кара-Суу-Отуз-Адыр жолунда да иштер жүрүүдө. Мындан сырткары, Кызыл-Сарай, Кызыл-Кошчу, Питомник, Октябрь айылдарынан өткөн негизги жолдор да асфальтталууда.
– Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылып жаткан иштерге токтоло кетсеңиз. Бюджеттин көлөмү кандай?
– 2026-жылы биз дотациядан чыгып, быйылкы жылдык бюджетибиз 77 млн сомго бекитилди. Анын 33 млн сомун өзүбүздүн ички маселелерибизди чечүүгө бөлдүк. Жоош айыл өкмөтүндө 4300 гектарды түзгөн эң көп сугат жер бар. Быйыл бул жерлерди толугу менен Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп бердик. Мындан ары сугат жерлерге байланышкан маселелерди ошол башкармалык карайт.
– Аймакта жеке инвестициялык долбоорлор, жаңы ишканалар ачылып жатабы?
– Бүгүнкү күндө Мамажан айылында сууну кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Азыр жакын арада Ак-Жар айылында кум-шагыл иштетүүчү ишкана да ачылуу алдында турат. Мындан сырткары, айылдарда элге кызмат көрсөтүүчү чакан ишкана-мекемелерибиз бар. Айылыбызда сугат жер көп болгондуктан, жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенип, жүгөрү, беде айдашат.
Аймакта айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк чоң. Ошондуктан өндүрүштүк ишканалардын ачылышы, дыйканчылыктын өркүндөшү жана элге кызмат көрсөтүүчү жайлардын көбөйүшү жергиликтүү тургундар үчүн маанилүү.
– Социалдык объектилер боюнча кандай иштер аткарылууда? Мектептер менен бала бакчалар жетиштүүбү?
– Аймагыбызда 10 мектеп, 13 бала бакча бар. Бир мектебибиз авариялык абалда турат. Ал мектептин долбоору капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бекитилип, жакын арада курулушу башталат, ошондой эле Питомник айылына да 225 орундуу мектеп курулат деп турат. Ал эми Бирдик айылында ашар жолу менен курулган мектеп бар. Азыр бул айылдын статусун карап, мектеп жана бала бакча маселесин чечип беребиз деп турабыз.
Мурда Агартуу жана Бирдик мектептери электр энергиясы менен жылытылса, азыр түрткү берүүчү гранттын каражатынын эсебинен көмүр менен жылытууга өткөрүп жатабыз. Маданият, Кызыл-Сарай, Ак-Жар айылдарына бала бакча куруу боюнча алардын бардык документтери даярдалып, долбоорлору түзүлүп бүттү. Мындан сырткары, эки айылда үй шартындагы бала бакчалар бар. Келечекте бул айылдарга да бала бакчаларды куруу планыбыз бар.
Азыркы учурда аймак боюнча жалпы 38 миңден ашуун калк жашайт. Ошондуктан социалдык объектилерге болгон муктаждык да жогору. Элдин санына жараша мектептерди, бала бакчаларды жана башка керектүү жайларды көбөйтүү — алдыдагы негизги милдеттерибиздин бири.
– Облустук жана райондук өнүктүрүү фонддору менен кандай иштешип жатасыздар?
– Облустук өнүктүрүү фондуна быйыл экскаватор жана таштанды ташуучу машина алуу үчүн долбоор жаздык. Бул техникалар жакынкы күндөрү келе турган болууда. Мындан сырткары, Ак-Жар айылындагы жаңы конушту электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн долбоор жазып, ага облустук өнүктүрүү фондунан 2,5 млн сом каражат бөлүнүп жатат.
Райондук өнүктүрүү фонду аркылуу да бир топ иштер аткарылууда. Алсак, Калинин айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 3,5 млн сомдук долбоордун негизинде учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
Мындан сырткары райондук өнүктүрүү фонду аркылуу скважинага 450 миң сомго насос алып, Токтогул мектеби да капиталдык ремонттон өтүп, 800 миң сомго эмеректерди алып берип жатат. Дагы бир айылга скважина алуу үчүн 1,5 млн сом каражат бөлүнүүдө. Ошондой эле айрым айылдарыбыздагы эскирип калган электр мамыларын жаңыртуу үчүн райондук фонддон 100 даана столба алып беришүүдө.
АРИС программасы менен да иштешип, алар Мамажан айылындагы мектепке кошумча корпус куруп берүү боюнча документтерди даярдоо иштери жүрүп, долбоордун сметалык баасы 450 миң долларды түзүүдө. Бул долбоор 2027-жылы ишке ашырылат деп турабыз.
Ошондой эле кореялык «KOICA» уюму менен да тыгыз кызматташып келебиз. Алар бизге 2 ФАП, 1 өнүктүрүү борборун куруп, эки айылга ичүүчү таза суу алып келүү үчүн түтүктөрдү тартып беришти. Быйыл агро бизнести өнүктүрүү боюнча долбоор сунушталып, ошол багытта да иштерди алып барып жатабыз. ПРООН менен да иштешип, Маданият айылына 700 метр аралыкка суу түтүгүн койдуруп, анын сметалык баасы 40 миң доллар болду.
Бул долбоорлордун баары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган. Эл аралык уюмдар, өнүктүрүү фонддору жана башка өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө аракет кылып жатабыз.
– ЖРТдан «Алтын сертификат» алган жана башка ийгиликке жетишкен окуучуларга сыйлыктар берилген экен. Бул демилге тууралуу айтып берсеңиз?
– Былтыр Кара-Суу районунан «Алтын сертификатты» бир дагы окуучубуз алган эмес.
Быйыл Жуматаева Гүлпери аттуу окуучубуз 234 балл алып, «Алтын сертификат» алып, баарыбызды кубантты. Ал Маданият айылында 8-класска чейин билим алып, кийин «Star» жеке менчик мектебинен окуган. Бул окуучу кызыбызга окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн айыл өкмөтү тарабынан 50 миң сом бөлүп бердик. Мындан сырткары, 200 баллдан жогору алган 6 окуучуга да 50 миң сомдон, мектеп жетекчилерине 20 миң сомдон сыйлык бердик.
– Мамбет мырза, «Социалдык контракт» программасы аркылуу өз ишин жүргүзүп жаткан жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча да иштерди жүргүзүп жатыпсыздар?
– Ооба, бул багытка өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Жоош айыл аймагында АРИС уюму тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылоосу жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу менен өткөрүлгөн «Киреше булактарын колдоо» программасынын тренинги жергиликтүү ишкерлер үчүн маанилүү окуу болду.
Аталган иш-чара айыл аймагыбыздагы ишкерлердин, анын ичинде мамлекеттик “Социалдык контракт” программасы аркылуу баштапкы капитал алып, өз бизнесин түптөп, аны өнүктүрүп жаткан жарандарыбыздын ишкердик дараметин жогорулатууга чоң түрткү берди.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар финансылык сабаттуулук жана каражаттарды туура башкаруу, сапаттуу дизайн, заманбап таңгактоо жана брендинг, бизнес-план даярдоо, инвесторлор менен иштөө, ошондой эле «Жашыл экономика» принциптерин бизнесте колдонуу боюнча маалымат алышты.
Биздин максат — “Социалдык контракт” программасы аркылуу колдоо алган жарандарыбыздын өз алдынча иш жүргүзүүсүнө шарт түзүү менен бирге, алардын ишкердик жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Мындай билим берүүчү иш-чаралар айыл тургундарынын киреше булактарын кеңейтүүгө, үй-бүлөлүк бакубаттуулугун жогорулатууга жана жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Кенже Осмоналиева