Мамлекеттик ипотекалык компания Кара-Балтада 4 950 батир курууда

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58

Мамлекеттик ипотекалык компания Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 4 950 батирлүү турак жай комплексин курууда. Долбоор жалпы 66 блоктон турат.

Учурда 20 блокто монолиттик иштер толук аяктап, фасаддык иштер 95 пайызга, ички жасалгалоо иштери 80 пайызга бүткөрүлдү.

Турак жай комплексинин аймагында мектеп, бала бакча жана унаа токтотуучу жайлар каралган. Ошондой эле ар бир батир өзүнчө газ менен жылытуу системасы менен камсыздалат.

Долбоордун негизги максаты — Чүй облусунун тургундарын жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуу.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X