"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев: “2000ден ашуун батир ээлерине тапшырылат”

— Тилек Жанышович, мамлекет куруп жаткан үйлөрдүн курулушу кайсы баскычка келип калды? Бүткөн батирлер качан жарандарга тапшырылат?

— Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде өлкөдө жеке турак жайга муктаж жарандардын маселесин чечүү максатында мамлекеттик долбоорго старт берилген. Анын алкагында өлкө боюнча үйлөрдүн курулуштары жүрүүдө. Курулуп бүткөн батирлер кезекте турган, кезеги келген жарандарга берилет. Өлкө боюнча курулуп жаткан батирлердин жалпы саны 41 миңден ашты. Курулуштар баскычтарга бөлүнүп бүтүүдө. Жаңы батирлердин курулушу бизге бөлүнгөн жер тилкелерине жараша башталып жатат. 2024-жылдын аягынан тартып батирлер кезеги келген жарандарыбызга бериле баштайт. Жаңырган жылдын биринчи кварталынын соңуна чейин курулушу аяктаган батирлерди берүү улантылат. Жалпы 2000ден ашык батир ээлерине берилет.

— Курулушу бүтүп жаткан үйлөрдүн аянты канча жана батирлердин баалары кандай?

— Курулушу бүтүп, кезеги келген жарандарга бериле турган 1 бөлмөлүү батирлердин аянты 40 чарчы метрден башталат. Ал эми 1 чарчы метрдин болжолдуу баасы 650 доллардан эсептелүүдө, баалар өзгөрүшү мүмкүн. Дагы бир артыкчылыгы – келишим сом менен түзүлөт. Негизи эле ар бир курулуштун баасы дарегине, курулуш материалдарына жана башка маселелерине байланыштуу өзгөрөт, баасы аныкталат.

— Жакында Мамлекет башчысы “Топтолмо ипотека” долбооруна багытталган Жарлыкка кол койду. Бул долбоорго кимдер катыша алат?

— «Топтолмо ипотека» долбоору Президенттин демилгеси менен мамлекеттик турак-жай программасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу менен өлкөдө жана чет өлкөдө жашаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Анын алкагында “Элдик банк” менен бирге жаңы долбоорду иштеп чыктык. Жарандар каражатын топтоп үй ала алат. Бул багыт – “Үлүштүк курулуш” багыты. Ал бардык жарандарга тиешелүү. Муну менен кирешесин тастыктай албаган жарандарга, өзгөчө миграцияда жүргөн мекендештерге ыңгайлуу шарт түзүлдү. Алгач, жаран Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталынан каттоодон өтүшү зарыл. Жаранга тиешелүү кыймылсыз мүлк болбошу керек. “Элдик” банктан топтомо эсеп ачтырып, сатып ала турган турак жайынын 30 же 50 пайызын ай сайын график менен чогултса болот. Үйдүн жарым баасы топтолгон соң курулуп жаткан үйлөрдөн батир тандайт, келишим түзүлөт. Эгер жаран 30 пайызга чейин топтосо, калган 20 пайызды “Элдик” банк жеңилдетилген шарт менен 5 жылга 10% менен насыя берет. Дагы калган 50 пайыз каражатты 8 пайыз менен 10 жылга насыя катары МИК берет. Белгилей кетчү нерсе, жаран банктан алган насыяны 5 жыл төлөп бүткөндөн кийин гана МИКтен алган насыяны төлөп баштайт. Бул да болсо жарандарга чоң жеңилдикти шарттайт. “Үлүштүк курулуш” долбоорунун катышуучулары бүткөн үйдөн эмес, курулушу жүрүп жаткан үйдөн гана ала алышат. Катышуучулар курулуш стадиясындагы объектилерден тандай алышат. Тагыраагы, курулушу бүткөн үйлөр кезек менен кезеги келгендерге берилет. Ал эми “Үлүштүк долбоор” менен кезеги жок, бирок баштапкы төлөмдү төлөп ала алышат.

— Алдыда дагы кандай долбоор ишке ашырылат?

— Алгач курулуштарды сапаттуу, белгиленген убактысында бүтүрүп, ээлерине тапшыруу биздин негизги милдетибиз болуп саналат. Ири долбоорлорго да даярдыктар көрүлүүдө. Октябрь айында Мамлекет башчысы капсула салып кеткен Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсүндө жаңы «Ынтымак» конушунун курулушун өз убактысында бүтүрүү зарыл. Бул жердин жалпы аянты 18,9 гектар, 8100 батир, жер астында жана жер үстүндө 6000 унаа токтоочу жай, 1200 орундуу 2 мектеп, 160 орундуу 4 бала бакча курулат. Учурда Бишкекте 12 миңден ашык көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Ал эми жалпы өлкө боюнча курулушу башталган батирлердин саны 32 миңден ашат. Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга чейин миңдеген жарандарды үй менен камсыз кылууга максат койгон.

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!