Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 5,1 млн сом төлөдү
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК 2026-жылдын 25-ноябрына карата камсыздандыруу учурлары боюнча жалпы 5 млн 144 миң 41 сом төлөп берди.
Камсыздандыруу төлөмдөрү ОСАГО, турак жайды камсыздандыруу жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча жарандардан жана юридикалык жактардан түшкөн кайрылуулардын негизинде жүргүзүлдү.
Төлөмдөрдүн эң чоң бөлүгү — 4 млн 394 миң 847 сом камсыздандыруу учурларын иликтөө жана жөнгө салуу башкармалыгы аркылуу берилди.
Ал эми аймактар боюнча:
- Ысык-Көл облусуна — 300 миң сом;
- Жалал-Абад облусуна — 177 миң 758 сом;
- Нарын облусуна — 150 миң сом;
- Баткен облусуна — 101 миң 436 сом;
- Талас облусуна — 20 миң сом төлөндү.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо, кырсыктардан жана күтүлбөгөн жагдайлардан улам келтирилген чыгымдарды компенсациялоо иштерин улантууда.