Мамлекеттик органдарга коррупцияны алдын ала турган өкүл институту киргизилет

26-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58

2026-жылдан тарта бардык министрлик жана ведомстволордо коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр иштей баштайт. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Өкүлдөрдүн негизги милдети — мекемелерде профилактикалык көзөмөл жүргүзүү жана мыйзам бузууларга жол бербөө. Алар түздөн-түз Башкы прокуратурага баш ийет.

Бул кызмат УКМК, Социалдык фонд жана башка атайын органдардан тышкары бардык мамлекеттик органдарга киргизилет.

26-ноябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X