"Эркин-Тоо"

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева: “Кыргыз элим үчүн мекениме ак кызмат кылдым”

Кыргыз коомчулугуна аттын кашкасындай таанымал, көп жылдар бою мамлекеттик ар кандай жетекчилик жооптуу кызматтарда иштеп, кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошкон, мырзалар менен тең тайлаша иштеген, аял затынын арасынан суурулуп, өзүнүн жасаган өзгөчө иштери менен таанылган, сөзгө чебер,  айымдарыбыздын  бири Жаңыл Түмөнбаева эжебиз  жакында 80 жашка толот.

Баскан-турганы чыйрак, сөзгө чебер, ачык мүнөз, шатыра-шатман жүргөн Жаңыл Түмөнбаева эжебиз жакында өз иштери менен редакциябызга баш багып келиптир. Мен аны менен Жалал-Абад облусунун губернаторунун биринчи  орун басары болуп иштеп турганда таанышкам. Турмуштук тажрыйбага бай, иш билги, бардык маселелерди так, туура жана калыс чече билгендигине күбө болгон элем. Учурдан пайдаланып, анын басып өткөн жолу, турмуштук тажрыйбасы туурасында өз оозунан уккум келди.

“Туура жол көрсөткөн  атама ыраазымын”

«Мен атама өтө ыраазымын. Анткени мага  билим берип, тарбиялап, туура жол көрсөтүп, мына ушундай даражага жеткирген менин атам -деп, сөзүн баштады Жаңыл эже».

Жаңыл Түмөнбаева 1945-жылы 20-февралда Чүй облусунун Панфилов районунда туулган. Атасы Түмөнбай колунда бар бай киши болгондуктан, анын үйүнө  коноктор көп келип, Түмөнбайдын үй-бүлөсү чоң кадыр-баркка ээ болгон. Республиканын ар кайсы тарабынан коноктор келсе Түмөнбайдын үйүнө коноктошчу экен. Түмөнбай аксакал меймандос киши болуп, аны көп адамдар сыйлуу адам катары баалашкан. Айылдагы мектеп жалаң гана кыргыз тилдүү болгондуктан Түмөнбай аксакал балдарына жакшы билим берүү  максатында айылдан атайын Бишкек шаарына көчүп келген. Атасы Жаңылды Панфилов районундагы  №1 орус тилдүү орто мектебинен окутат. Жаңыл эже өзү билим алган орто  мектепти алтын медаль менен аяктаган.

Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң Жаңыл Түмөнбаева Москвадагы Текстиль  институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап, өзү туулуп-өскөн кыргыз жергесине келип, алгачкы эмгек жолун 1969-жылы Фрунзедеги камволдук-кездеме токуу  комбинатында инженер-технолог болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин ал технология бөлүмүнүн инженери, комбинаттын комсомол комитетинин катчысы болуп иштейт. Эч нерседен тартынбаган, ачык сүйлөгөн, жаш  кадр Жаңыл эжени комбинаттын партиялык комитети 1972-жылы КПССтин  мүчөлүгүнө кабыл алат. Ал өзү иштеген комбинатта мыкты уюштуруучулугу менен көзгө көрүнө баштайт. Иштеги мындай ийгилиги менен ал тез эле Фрунзе шаардык комитетинин катчысы, андан кийин Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы кызматтарына көтөрүлөт.

Жаңыл Түмөнбаева 1975– 1981-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин катчысы болуп иштөө менен иш-тажрыйбаны  ошол мезгилде топтогон. Ал мезгилде Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы болуп легендарлуу Төрөбай Кулатов иштеп турган. Жаңыл эже төрага Т.Кулатовдон көп тажрыйба алган. Андан кийин ал Кыргызстан КП БКнын текшерүү комиссиясынын төрайымы, 1981–1989-жылдары Фрунзе шаарындагы Биринчи Май райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.

Түз сүйлөйм деп  катуу сөгүш алган

Фрунзе шаарындагы Биринчи Май райкомунун биринчи катчысы болуп иштеп турган мезгил Жаңыл Түмөнбаеванын эң жемиштүү иштеген жылдары болгон десек болот. Анткени, ал жетектеген район шаардагы башка райондорго салыштырмалуу бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыга чыгып, 7 жолу катары менен Өтмө Кызыл Тууну жеңип алышкан. Андан кийин Фрунзе шаарынын Свердлов райкомунун биринчи катчысы да болуп иштеген. Партиянын мезгилинде бир эле туура эмес сүйлөсөң же каршы пикир айтсаң партиянын катарынан чыгарылып, жумуштан куулуп, ал тургай партбилетиңди тапшырып түрмөгө отуруп калуу турган иш болчу. Жаңыл Түмөнбаеванын мына ушундай куугунтукка кабылган күндөрү да болгон. Анын маселеси райондук партиянын, ал тургай Борбордук Комитеттин пленумунда каралып, ошол мезгилдеги Борбордук Комитеттин экинчи катчысы Фомиченко баш болуп, Жаңыл Түмөнбаеваны партиянын катарынан чыгарууга сунуш берилген. Бирок  айрым аттуу-баштуу партия мүчөлөрү Ж.Түмөнбаеванын иш-тажрыйбасын эске алуу менен жасаган иштерин колдошуп, эң мыкты кадр катары  партиянын катарынан чыгарылбай калат.

Тышкы иштер министри болуп көп маселелерди чечкен

Жаңыл Түмөнбаева 1989-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министри болуп дайындалат. Ал  министр болуп иштеген мезгилде Кыргызстандын тышкы мамилелерине байланышкан көптөгөн маселелерди чечкен. Алсак, ошол мезгилде Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинде болгону 4 штаттык бирдик болсо, Жаңыл Түмөнбаева СССРдин Тышкы иштер министри Э.А.Шеварднадзенин кабыл алуусунда болуп, көптөгөн маселелерди чечүүгө туура келген. Башка союздук республикалар сыяктуу эле  20 штаттык бирдик бөлдүрүп алган. Анткени, ошол мезгилде КПСС БКнын башкы катчысы М.Горбачев кызматка келип, СССРде компартиянын ролу төмөндөп, “демократия” өкүм сүрө баштаган мезгил эле. Көп мамлекеттер менен карым-катнашты чыңдоодо башка республикалар менен байланыштарды түзүү СССРдин Тышкы иштер министрлиги менен гана чечилип турган.

Ал мезгилде Кыргызстан боюнча 2-3 кишиге гана толук жана ыйгарым укуктуу элчи деген чен берилген экен. Ал эми Жаңыл Түмөнбаева Тышкы иштер министри болуп турган мезгилде 20дан ашуун кыргыз дипломаттарына “Атайын жана толук ыйгарым  укуктуу элчи” деген атайын наам, класстык чендерди алып берген. Ал тургай ошол СССР мезгилинде Торугарт – Кашкар өткөрмө бекети жабылып калган болсо, Жаңыл Түмөнбаеванын түздөн-түз кийлигишүүсү менен ал өткөрмө бекети жаңыланып, ишке киргизилген.

Жаңыл Түмөнбаева 1991- 1992-жылдары Чүй облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, 1996–1999-жылдары Чүй-Токмок шаардык администрациясынын башчысы, 2001-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын-губернатордун биринчи орун басары, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министринин орун басары болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин IХ-ХI чакырылышынын депутаты  болуп шайланган.

Аялдар үчүн “Үмүт” кризистик борборун негиздеген

2003-жылы Жаңыл Түмөнбаева “Элдик каада-салттарды, үрп-адаттарды жана маданияттарды өнүктүрүү боюнча аялдар лигасы” өкмөттүк эмес уюмун уюштуруп, коомдук башталыштагы президенти болуп шайланган. Анын жетекчилиги алдында эл аралык “ХИВОС” уюмунун колдоосу менен Борбор Азияда биринчи жолу “Үмүт” кризистик-психологиялык борбору   түзүлүп, анда республика боюнча шаарларда жана алыскы райондордон турмуштун оор запкысынан жабыр тартып келген аялдар бул жерден баш паанек таап, ар кандай материалдык, моралдык жана юридикалык жактан жардам алып, бүгүнкү күнгө дейре Жаңыл Түмөнбаева түптөгөн бул уюм өз ишин улантып келе жатат.

Жаңыл Түмөнбаеванын өлкөбүз үчүн жасаган  эмгеги жогору бааланып, III даражадагы “Манас” ордени, Тышкы соода өнөр жай министрлигинин отличниги, КРнын Өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамы берилген жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи чени ыйгарылып, “Даңк” медалы менен сыйланган. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.  Ошондой эле ал өмүрлүк жолдошу Жантай Орозбаев менен бирге 3 кызды тарбиялап өстүргөн. Жаңыл эженин кыздарынын баары чет өлкөлөрдөн билим алышып, азыркы мезгилде ар түрдүү тармактарда үзүрлүү иштеп жатышат. Жаңыл Түмөнбаева азыркы күндө ардактуу эс алууда.

“Биз мамлекет берген кызматты аркалап, эл үчүн иштегенбиз, өзүбүзгө бир нерсени ыйгарып алуу, байлык деген нерсе өңүбүзгө гана эмес, түшүбүзгө да кирген эмес. Анткени, биздин тарбиябыз ошондой болчу. Кызматта иштеп жүргөндө бардык маселелерди  чечүү колубуздан келген, бирок атабыз бизге элдин мүлкүнө кол  салба, таза, абийирдүүлүк менен иште деген насааттарды көп айткан. Иштеген ишибиз таза болчу. Бизде абийир, ар-намыс деген жогору турган. Бизге жетекчилерибиз кайсы ишти ишенип берсе, аны абийирдүүлүк менен так аткарып, бошодуң деген күнү ишин тапшырып, бирге иштеген жамаатка рахматыбызды айтып  кете берчүбүз деп”, — сөзүн аяктады маектешибиз Жаңыл Түмөнбаева.

 

Орункул Сатыкулов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!