Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттары бекитилди
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турумун жөнгө салган ведомстволук стандарттар бекитилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, стандарттарды бекитүү Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 490-т тескемесинин негизинде жүргүзүлдү. Документ мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ведомстволук стандарттарын иштеп чыгып, бекитүүнү тапшырган.
Башкы прокуратура тескеменин аткарылышын координациялап, тиешелүү органдарда стандарттардын бекитилишине мониторинг жүргүзгөн. Ошондой эле прокуратура органдарындагы административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер үчүн коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттары кабыл алынган.
Эми стандарттарды иш жүзүндө колдонууга, кызматкерлерге усулдук жардам көрсөтүүгө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө басым жасалат.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, жаңы стандарттар кызматтык тартипти чыңдоого, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууга, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.