Мамлекеттин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Мамлекеттин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд сомду түзсө, быйыл 1,5 трлн сомдук чекке жетүү пландалууда.

«Жылдан жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүүдө. Бюджет 2020-жылы 247 млрд сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд сомго жеткиребиз, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору.

2025-жылы 700 млрд сомдон ашырып, муну менен биз өлкөнүн финансылык өзөгүн мындан ары да бекемдей беребиз», — деди президент.

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X