«Манас» аэропорту жаңыланып, майда ишке берилет

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30

Бишкектеги Манас эл аралык аэропортунун реконструкциясы май айында толук аяктайт.

Курулуш иштери эки этап менен жүргүзүлүп, анын биринчи баскычы буга чейин аяктаган. Бул этапта учуп-конуу тилкесине асфальт төшөлүп, жарыктандыруу иштери жасалган.

«Кыргызстан аэропорттору» башкармалыгынын инфраструктура жана аймактык аэропорттор боюнча директору Алтынбек Мамбетов белгилегендей, аэропорттун имаратын кеңейтүү жана ички жасалгасын жаңылоо иштери былтыр май айында башталган.

«Былтыр май айында башталган аэробекетибизди кеңейтүү жана ички жасалгасын жаңылоо иштери майда толук бүтөт. Анан бүткөн жагын ишке беребиз дагы азыр колдонулуп жаткан жагын жаап, иштерди жүргүзөбүз», – деди Мамбетов.

17-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X