«Манас» аэропортуна барчу альтернативдүү жол курулат

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 86
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдиргендей, «Манас» эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү жол куруу пландалууда.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 17 чакырымды түзүп, 4 тилкелүү болот. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турчу жолдо эки деңгээлдүү жол түйүнү, жарыктандыруу, жашылдандыруу каралган. Алдыда изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрөт.
«Мындан тышкары Чүйдүн Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда. Белгилей кетсек, аталган долбоор унаа тыгынын азайтууга, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана инфраструктураны жакшыртууга багытталып, аймактар аралык байланыштарды жеңилдетмекчи», — деп кошумчаланат маалыматта.
19-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 86
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X