«Манас» аэропортунан коронавируска ПЦР-тест тапшыргысы келгендер эрте келиши керек!

Эгер жүргүнчүлөр «Манас» эл аралык аэропортунан коронавируска ПЦР-тест тапшыргысы келсе, учууга 4-5 саат калганда келиши керек. Анткени тесттин жыйынтыгын 1,5-2 саатта алам дегендер 3 499 сом, ал эми 4-5 саат күтөм дегендер 2 399 сом төлөп тест тапшырышат. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады. Анализди имараттын экинчи кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырса болот. Жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1-кабатынан үч тилде алууга мүмкүн,-делет маалыматта.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X