«Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара менен кармалды
«Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетектөөчү адиси 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз борбору билдирет.
Маалыматта жазылгандай, кылмышка шектелген чек ара кызматынын улук лейтенанты К.К. кытай жаранынан 3 миң доллар талап кылып, анын 100 миң сомун алып жаткан учурда колго түшкөн.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.
