Манас шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады
Манас шаарынын Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орундуу мектептин курулушу толук аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланды.
Мектептин курулушу ушул жылдын март айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган. Имараттын жалпы аянты 4 200 чарчы метрди түзөт жана төрт блоктон турат.
Жаңы мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин кабинети, компьютердик жана эмгек кабинеттер, жыйындар залы, ошондой эле спорт залы менен жабдылган.
Президенттин тапшырмасы менен 2026-жылдын башында Манас шаарында алты мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө алардын бешөөнүн курулушу толук аяктады. Курманбек муниципалдык башкармалыгында салынып жаткан алтынчы мектептин курулушу уланууда.