Маори саламдашуусунан музыкалык үндөшүүгө чейин: Кырчындагы көз ирмем
Ысык-Көлдүн жээгинде Жаңы Зеландия менен Румыниянын өнөрпоздорунун өзгөчө жолугушуусу болду.
«Көчмөндөр санаты» фестивалынын алкагында келген маори музыканты Хоромона Хоро менен румыниялык өнөрпоз Розу Разван-Раул алгач маорилердин салттуу саламдашуусу менен мурдуларын тийгизип учурашты.
Бул жөн гана саламдашуу эмес, маори элинин маданиятындагы өзгөчө салттын жандуу көрүнүшү болду. Андан соң Хоромона Хоро өзүнүн байыркы музыкалык аспаптарын алып чыгып, алардын кайталангыс үнүн көл жээгинде жаңыртты.
Розу Разван-Раул да өзүнүн салттуу аспабында ойноп, румын элинин музыкалык мурасын тартуулады. Эки өнөрпоз өз аспаптарын айкалыштырып, Ысык-Көлдүн жээгинде күтүүсүз жана өзгөчө музыкалык үндөшүү жаратышты.
Алыскы эки өлкөнүн өкүлдөрүн бириктирген бул көз ирмем музыка тил, аралык жана чек арага карабай элдерди жакындата аларын көрсөттү.