"Эркин-Тоо"

Марат КОКОЕВ: «Таза суу маселеси толук чечилди»

— Марат Жолдошбекович, айыл аймагындагы курч маселелердин сап башында таза суу маселеси турар эле. Сизге чейин айыл аймагынын жетекчилигине келгендер таза суу боюнча көйгөйдү чече алышпады, андыктан жашоочулар тарабынан нааразычылыктар болуп келди. Сиздин жетекчилигиңиз менен таза суу маселеси чечилип, жашоочулардын нечен жылдан бери сүрсүп келген өтүнүчтөрү аткарылды. Мына ушул багытта сөзүбүздү улайлы.

— Чынында таза сууга болгон таңсыктык биздин айыл аймагында көп жылдан бери курчуп келген. Мен айыл аймагынын өкмөт башчылыгына келерим менен мына ушул маселеге айрыкча көңүл бурдум. Анткени, таа суусуз ден соолукту элестетүү мүмкүн эмес. Кылым карыткан ата-бабаларыбыз: “Суу – өмүрдүн булагы”, “Айыл башы болгончо, суу башы бол” дешип бекеринен айтышкан эмес. Андыктан таза суу маселесин толук чечүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшоого туура келди. Биринчи кезекте каржы муктаждыгын жумшартууга тийиш элек. Айыл аймагы дотациядан жаңы гана чыккандыктан таза сууга жумшалуучу каржыны толук чечүү жагы колдон келбейт эле. Андыктан эл аралык уюмдар менен иштешүүгө аракеттене баштадык. Айталык, АРИС менен тыгыз иштешүү үзүрүн берди. Жазган долбоорубуз жактырылып, Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржылоо жагы чечилди. Таза суу боюнча системалар эскирип, чирип, тегиз жаңыртуу оңой болбоду. 2018-жылы май айында АРИС аркылуу 2 подрядчик менен келишимдер түзүлгөн. Жалпы жасалуучу иштерге 110 млн сом жумшалууга тийиш эле.

Ошентип, таза суу боюнча иштерибиз илгерилей баштады. Жалпы таза суу Алексеевка айылынын 28 көчөсүн камтып, узундугу 37,5 чакырымды түздү. Бир сөз менен айтканда Алексеевка айылы толук таза суу менен камсыз болду.

Таза суу боюнча иштердин илгерилеши “Жайыл таза аймак” муниципалдык ишканасынын аракеттерине жараша болду десек, жаңылыштык эмес. Долбоор боюнча суу башатын жаңы зарыл жабдуулар менен камсыз кылдык. Суу башатындагы 3 скважина тазаланып, жаңы насостор коюлду. Эң башкысы, хлор салынуучу заманбап жайды салып алдык.

Аймакта жалпы 1850 абонент бар. Мындан 1750 абонент жаңы системага кошулду. 450 кудуктан ар бир абонент суу түтүктөрүн тартып киргизип алышты. Суу жок деген армандарынан арылышты. Ошондой эле долбоордун алкагында заманбап суу эсептегичтер ар бир керектөөчүгө коюлду. Бул коюлган суу эсептегичтердин 70 пайыз наркы АРИС тарабынан төлөнсө, калган 30 пайызы эл тарабынан төлөндү. 1 куб суунун наркы 18 сом. Керектөөлөрүнө жараша сууну пайдаланышат. Суунун баркын эл билип калды. Суу боюнча карыздар жок.

Кайрымдуу фонддор менен иштешүү да акыбетин берүүдө. Араб туугандардын колдоосу менен Жайыл айылында 2,5 чакырым суу системалары курулуп, эл купулуна толду.

— Таза суу менен катар экология жана тазалык көйгөйү айыл жерлеринде орун алган. Тазалыкка айрыкча көңүл буруп жатыпсыздар, жылыштар барбы?

— Тазалык, таштандыларды ташуу жаатында жакшы иштерди илгерилеттик. Эл да кайдыгер карабай тазалыкка маани бере баштады. Мурда таштандыларды чыгарууда техника жагынан аксап келгенбиз. Таштандыларды ташуучу жаңы техникаларды алдык. Убак-саатында таштандыларды чыгарып кетебиз. Ар бир көчөгө көзөмөл жүргүзүүчү кызматкерлерибиз бекиген.

— Кыргыз элинде «Эшигин көрүп – төрүнө өт” деген ташка тамга баскандай таасын сөз бар. Мурдагы эски имаратыңар тар болгондуктан ыңгайсыздык жаралып, кенен заманбап мекемеге ээ болсок деген тилегиңиздер бар эле. Мына эми жаңы конушка кирип, максатыңыздар орундалыптыр. Жаңы конушуңуздар ак жолтой болсун!

— Айтканыңыз келсин. Жаңы имараттуу болуу ниети 2017-жылы козголуп, учурунда долбоор жазылып, АРИС тарабынан жактырылган. Жалпы долбоордун наркы 9 млн 800 миң сом. Мындан 3 млн 853 миңи жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Буйруса февраль айынын башында ачылыш салтанатын жасайбыз. Кызматкерлер үчүн айтып болгус жаңылык болду. Мурда тиги же бул жыйындарды кенен өткөрүүгө жай таппай калар элек. Мына эми жаңы имаратыбызда заңгыраган жыйын залы бар. «Бирдиктүү терезе» боюнча бөлмөлөр жетиштүү. Иштөөгө каалагандай шарттар бар.

— Байкашыма караганда жаш адистер басымдуу иштеп жаткандай. Негизги жүктү көтөрүп жаткан жаштар тууралуу кандай пикириңиз бар?

— Ар мезгилдин муундары болот эмеспи. Азыркы жаштардын билимге умтулуп жатканы бекеринен эмес. Айталык, санариптештирүүсүз келечекти элестетүүгө болбойт. Санариптештирүү багытында жаштар алдына камчы салдырбай иштеп келишүүдө. “Жайыл таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Байманкоев жаштыгына карабай элдин алкоосуна татып калды. Таза суу киргизүүдө, тазалыкты сактоо жумуштарында каруусун казык кылып келүүдө. Ал эми Жайыл айылынын айыл башчысы Эрнис Керимбеков араб туугандар менен бирге иштешип, тил табышып, алардын колдоосун алууда айтарлык аракет өтөдү. Айыл аймагындагы олуттуу иштердин саатын чыгарууда тынымсыз изденип иштеп жаткан замандаш жаш кадрларым менен сыймыктанам. Айыл аймактын каржы булактарын чыңдоо эң башкы милдеттерибизге кирет. Каржы бөлүмүнүн башчысы Урмат Адеков эсеп-кысап маселесинде сарамжалдуулукка басым жасап, максаттуу жумшоого көңүл бурат. Ушундай азаматтар командамды бекемдешип, ийгиликтердин жаралышына салымдарын кошуп келишүүдө. Албетте, улуу муундардын акыл-насааттары да бизге керек. Ынтымак гана биримдикти чыңдайт.

Айчүрөк МАКЕШОВА
№6 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 27-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!