Марипов: «Электр энергиясына бааны жогорулатпасак, жарыгы жок калабыз»

Кыргызстанда электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Биз элден эч нерсени жашырбай, ачык -айкын айтышыбыз керек. Электр энергиясына болгон бааны жакынкы арада жогорулатуу керектиги тууралуу айта баштадык. Эгерде биз энергетикадагы маселелерди чечпесек, бул тармакка инвесторлорду тартпасак же бааларды көтөрбөсөк жакынкы арада жарыгы жок калабыз», — деди Марипов.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X