Марлен Маматалиев: Амирдин өлүмүн Башкы жана Аскер прокуратуралары иликтейт
Ала-Арча капчыгайында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушунун жагдайларын Башкы прокуратура, Аскер прокуратурасы жана атайын комиссия текшерип жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, иликтөө аяктагандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар парламентке окуя боюнча толук маалымат бериши керек.
Ошондой эле Маматалиев бул маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында өзүнчө кароо же жалпы жыйындын күн тартибине киргизүү мүмкүн экенин белгиледи.
Эске салсак, Амир Кунакунов 7-ноябрда Адыгене чокусунан түшүп келе жатканда дайынсыз жоголгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өспүрүм ошол күнү саат 19:02де 112 кызматына чалып, адашып калганын билдирген. Геолокация аркылуу анын Электро чокусунун аймагында экени аныкталган.
9-ноябрда саат 16:00 чамасында Амир Кунакуновдун сөөгү Электро чокусунун аймагынан, таштардын арасынан табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, өспүрүм катуу үшүп каза болгон болушу мүмкүн.
Бул окуя коомчулукта кеңири талкуу жаратып, издөө-куткаруу иштеринин өз убагында уюштурулушу жана мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча суроолорду жаратты.