Марлен Маматалиев аялдардын лидерлигин күчөтүүгө багытталган улуттук диалогго катышты
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев «Кыргыз Республикасынын келечегин калыптандыруучу аялдар: лидерлик, адилеттүүлүк, экономикалык мүмкүнчүлүктөр жана тынчтык» аталышындагы улуттук диалогго катышты.
Ошондой эле иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү болду.
Андан тышкары, диалогго аймактардан да 70тей лидер айым чакырылган.

Алгач Төрага Марлен Маматалиев өлкөдөгү жана коомдук-саясий турмуштагы аялдардын ролу тууралуу сөз кылып, тарыхта из калтырган кыргыздын кыраан айымдарын мисал кылды.
«Азыр да кыргыз аялдары саясатта, экономикада, бизнесте, илимде, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, маданиятта жана спортто ийгиликтерди жаратып келишет. Ошону менен катар мамлекет тарабынан аялдардын лидерлигин өнүктүрүүгө, башкаруу чөйрөсүндөгү өкүлчүлүгүн жогорулатууга, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө» – деген Төрага анын натыйжасында парламенттин азыркы чакырылышында айым депутаттардын саны 31ге жеткенин кошумчалады.

Бирок азыркы жетишкендиктер менен гана чектелүүгө болбой тургандыгын айткан Марлен Маматалиев: «Дагы деле үй-бүлөлүк зомбулук, жумушка орношуу, ишкердик жүргүзүү, экономикалык ресурстарга жана укуктук жардамга жетүү сыяктуу бир катар көйгөйлөр бар. Айрыкча айыл жергесиндеги, алыскы жана чек ара аймактарындагы аялдардын маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарыл», – деди.
Ага ылайык парламент аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, аялдардын эмгекке, билим алууга, саламаттык сактоого жана ишкердик жүргүзүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.
«Бүгүнкү диалогдон келип чыккан жүйөлүү сунуштар да парламенттин мыйзам чыгаруу ишинде эске алынат. Эгер кайсы бир көйгөйдү чечүү үчүн мыйзамга өзгөртүү керек болсо, биз аны кароого даярбыз. Анткени элдин үнүн мыйзамга айландыруу парламенттин негизги милдеттеринин бири», – деген Марлен Маматалиев иш-чаранын катышуучуларын маселени ачык айтып, ачык талкуулоого чакырды.
Жыйын маанилүү баяндамалар, олуттуу сунуш-пикирлер менен уланып, көйгөйлөргө байланышкан ачык-талкуулар менен коштолду.