Марлен Маматалиев гендердик зомбулукка каршы өнөктүктү баштады

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 84

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында гендердик зомбулукка каршы багытталган «16 күндүк активдүү аракеттер» эл аралык өнөктүгүнө старт берди. Ал 10-декабрга чейин уланат.

Төрага зомбулук бир гана үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй коомдун жана мамлекеттин көйгөйү экенин белгиледи. Анын айтымында, өнөктүктүн негизги максаты — адам укуктарын жана кадыр-баркын коргоо, зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга коомчулуктун көңүлүн буруу.

Марлен Маматалиев зомбулукту жоюуга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдардын аткарылышын камсыздап, парламенттик көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик органдарды, жергиликтүү бийликти, билим берүү мекемелерин жана жарандык коомду биргелешип иш алып барууга чакырды.

Мындан тышкары, Таластагы соңку окуяларга байланыштуу жаштар арасында укуктук маданиятты жана жоопкерчиликти калыптандыруунун маанилүүлүгүнө токтолуп, депутаттарды жана жарандарды зомбулуктун бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө кайдыгер болбоого үндөдү.

Иш-чаранын алкагында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, БУУнун «Аялдар» түзүмүнүн өкүлү Сайед Садик, Европа Биримдигинин өкүлү жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өттү.

Анда гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды. Жыйынтыгында мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча Жогорку Кеңешке жана Министрлер кабинетине сунуштар пакети даярдалат.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X