Марлен Маматалиев казакстандык аскер кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев аскер кызматкерлеринин өмүрүн алган каргашалуу окуяга байланыштуу Казакстан Республикасынын Курултайынын Төрагасы Айбек Дадебайга көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
«Боордош Казакстандын аскер кызматкерлеринин Каспий деңизинде өткөн аскердик машыгуу учурунда каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, бир тууган казак элине, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам.
Оор күндөрдө кайгыңыздарды тең бөлүшүп, боордош казак калкына кайраттуулук, сабырдуулук жана бекемдик каалайбыз», – деп айтылат телеграммада.
25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X