Марлен Маматалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышты

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75

6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, чет өлкөлүк делегациялар, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Быйылкы оюндарга 109 мамлекеттен өкүлдөр катышып, спорт, маданият жана илим багыттарын камтыды. Спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилип, мелдештерде 3 миңге жакын спорттук делегациянын өкүлү күч сынашты.

Жабылыш аземинде көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана салт-санаасын чагылдырган көркөм программа тартууланды.

Ошондой эле кийинки, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөрү жарыяланды.

Салтанатта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев символикалык көөкөрдү Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго жана Татарстан Республикасынын раиси Рустам Миннихановго тапшырды.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X