"Эркин-Тоо"

 Марокко аза күтүүдө

Өткөн ишембиде Мароккодо болгон зилзаланын кесепетинен 2 миңден ашык адам каза болду.   Ал эми жаракат алгандардын саны  2000ден жогору.  Алардын дээрлик баарынын абалы оор деп бааланууда.  Өлкөнүн бийлиги  каза болгондорго 10-сентябрдан баштап үч күндүк аза күтүү жарыялап, учурда Марокко аза күтүүдө.

Марокконун Геофизикалык борбору 7,2 баллдык зилзала Атлас тоолорунун аймагында катталганын билдирди. АКШнын Геологиялык кызматы зилзаланын күчү Мароккодо 6,8 балл болгонун кабарлады.  Эске салсак, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү Атлас тоолорунун аймагында 7,2 баллдык зилзала катталган. Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 23.00дөн кийин башталып, анын күчү Рабат, Касабланка, Эс-Сувейра шаарында да сезилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!