Мас абалында каналга агып кеткен аялдын жансыз денеси табылды
Бишкектеги Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 37 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы И.Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишинин жансыз денеси табылды. Ал 1985-жылы туулган И.Е. аттуу жаран болгон.
Маркум 12-июнда аталган каналга мас абалында түшүп, агып кеткен. Окуя орун алган күндөн тарта ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөө иши жүрүп келген.
Бүгүн, жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:15те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3, жалпы 11 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында, саат 13:05те маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан Чоң Чүй каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.