Медер Абакиров Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушту
Кечээ Брюссель шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Биримдигинин жетекчи өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Европа Кеңешинин Президентинин Борбордук Азия боюнча дипломатиялык кеңешчиси Мэрилин Йозефсон менен болгон сүйлөшүүдө тараптар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы саясий диалогду активдүү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле алдыдагы эки тараптуу иш-чаралар жана жогорку, эң жогорку деңгээлдеги сапарлардын графиги талкууланды.
Мындан тышкары, Европа тышкы аракеттер кызматынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча башкаруучу директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Аудроне Перкаускене менен жолугушуу болуп өттү. Анда кыргыз-европалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, эки тараптуу байланыштарды чыңдоо жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттарда практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз диалогду улантууга жана Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.