"Эркин-Тоо"

Медер Алиев Мадумаровго: “Билип туруп шоу жасабаңыз, уят да”

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Адахан Мадумаров кесиптештери тарабынан сынга алынды. Буга депутаттын мыйзам долбооруна добуш бербей койгону себеп болду.

«Эмне болгон өзгөртүүлөр киргизилди, кайсы мыйзам долбоору экенин билбей эле добуш берип жатабыз. Депутаттар бири-бирибизден сурап отурабыз азыр. Жок дегенде комитеттин корутундусун көрсөтүп же демилгечи айтып берип койбойсуңарбы. Кеттик деп эле кете беребизби?», — деди ал.

Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоору комитетте каралганын, коомдук талкууга коюлганын белгиледи.

Ал эми парламент өкүлү Медер Алиев Адахан Мадумаровдон шоу жасабоону суранды.

«Өткөндө социалдык тармакты карап отурсам активдүү колдонуучу «циркке барганда акча төлөйбүз, Жогорку Кеңештин депутаттарына да акча бериш керек элге шоу көрсөтүп жаткан» деп жазыптыр. Мен юрист болгондон кийин жакшы түшүнөм. Адахан Кимсанбаевич, өзүңүз регламентти билип туруп шоу кылып жатасыз. Ушунун эмне кереги бар?! Элге жагынайын деп «бул жерде акылсыздар отурат, бир гана сабаттуу бар» деп көрсөтүп жатканы өкүндүрбөй койбойт. Билесиз да, кантип билбейсиз? Уят да мунуңуз.

Жаңы регламент менен эски регламентти билесиз. Эмне артист болуп жатасыз? Ушул убакка чейин чыдадым, унчукпадым. Эми популизмдин да чеги болуш керек да», — деди депутат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!