Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында депутат Медербек Алиев Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Адылбек Касымалиевден 30 жылдан ашык убакыт чоң кызматтарды аркалап келгенинин сырын ачып берүүнү суранды.
«Чындыгында мен өмүрүмдүн 99% мамлекеттик кызматтарда иштедим, тактап айтканда, Салык кызматынын райондук бөлүмүнөн баштагам, Каржы министрлигинде бөлүм башчы, кийин Экономика министрлигинде жетекчи болуп иштедим.
Мен иштеп жүргөндө саясатка аралашкан эмесмин. Менин милдеттерим бар болчу, аларды аткардым. Мен ар дайым жана бардык жерде өз милдеттеримди так аткарууну максат кылып койдум. Бул деңгээлге жеткенимдин себеби ушул деп ойлойм. Мамлекеттик кызматка таяна турган эч кимим жок болчу.
Мен таза абийир менен иштөөгө болгон күчүмдү жумшайм. Алдыда көптөгөн максаттар бар, амбициялуу максаттар коюлду – 2023-жылга чейин бюджетти триллион сомго жеткирүү», — деди Касымалиев.