Медербек Алиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумуна катышты
Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев баштаган кыргыз делегациясы Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн «Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн биримдик» аттуу Борбор Азия мамлекеттеринин IV Парламенттер аралык форумуна катышты.
Форумдун алдында Медербек Алиев Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын парламент жетекчилери менен биргеликте Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.
Форумда сөз сүйлөгөн Медербек Алиев Борбор Азия элдерин кылымдардан бери орток үрп-адаттар, руханий баалуулуктар, ынак коңшулук мамилелер жана тынчтыкта жашоого умтулуу бириктирип келгенин белгиледи.
Анын айтымында, геосаясий өзгөрүүлөр күчөп, глобалдык чакырыктар көбөйгөн шартта мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген аймактык кызматташтыкты бекемдөө өзгөчө маанилүү.
«Кыргызстан Борбор Азиянын бардык мамлекеттери менен достук жана коңшулук алакаларды өнүктүрүү багытында ырааттуу иш алып барып келет. Биз аймактык кызматташтыкты тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайбыз», — деди ал.
Ошондой эле Төраганын биринчи орун басары мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана мамлекеттер аралык макулдашууларды ишке ашырууга парламенттик көмөк көрсөтүү маанилүү экенин айтты.
Медербек Алиев аймак өлкөлөрүнүн алдында турган жалпы милдеттерге да токтолду. Алардын катарында аймактык коопсуздукту чыңдоо, заманбап коркунучтарга каршы туруу, экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды жакшыртуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү бар.
Ал бул маселелерди чечүү үчүн макулдашылган аракеттер жана конструктивдүү кызматташтык зарыл экенин белгиледи.
«Өз ара түшүнүшүүнүн жетишилген деңгээлин сактоо жана чыңдоо, кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле келечек муундарга тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү мындан аркы өсүштүн бекем пайдубалы болгон аймакты өткөрүп берүү — биздин жалпы милдетибиз», — деди Медербек Алиев.
Форумдун жыйынтыгында Душанбе декларациясы кабыл алынды. Анда катышуучулар Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын кубатташкан.
Белгилей кетсек, кыргыз парламенттик делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Исманали Жороев, Азизбек Абдуллаев жана Азамат Исираилов да бар.