"Эркин-Тоо"

Медербек Сатыев Манас райондук сотунда кызматтык териштирүү болоорун айтты

Бүгүн,10-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас райондук сотуна барды.
Манас райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Расул Жолдошалиев аталган сотто эки гана судья иштээрин, 18 штат бар экендигин, ошол эле учурда бир судьянын жардамчысы жана бир техникалык кызматкер жетишпей жаткандыгын маалымдады.
Медербек Сатыев иштерди кароонун сапаты, мөөнөттөрүндө каралып жаткандыгы боюнча кызыгып сурады.
Расул Жолдошалиев иштер өз мөөнөттөрүндө каралып жаткандыгын айтып, ушул жылы 19 жеке аныктама чыгарылгандыгын маалымдады.
Ошондой эле аталган соттун төрагасы ушул жылдын 9 айында өзү жалгыз 297 иш карагандыгын билдирди.
Мындан тышкары, Медербек Сатыев иштерди кароону жалпылоо, судьялардын жүктөмү туурасында маалыматтарды сурады. Бул боюнча төрага кызматтык териштирүү болоорун кошумчалады.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!