Медеткан Шеримкулов 87 жашка толду
Мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов бүгүн, 17-ноябрда, 87 жашка толду.
Ал Кыргызстандын тарыхында XII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин — «легендарлуу парламенттин» төрагасы катары калды. Анын төрагалыгы учурунда 1990-жылы Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларация, 1991-жылы Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация жана 1993-жылы эгемен өлкөнүн алгачкы Конституциясы кабыл алынган.
Медеткан Шеримкулов Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин жана Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. Философия илимдеринин кандидаты, саясий илимдеринин доктору.
1990-жылы декабрда альтернативдик негизде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Ошондой эле КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын түптөлүшүнө катышып, Тоолуу Карабактагы согушту токтотууга багытталган тынчтык миссиясына салым кошкон. Анын жыйынтыгында Бишкек протоколуна кол коюлган.
Кийин Кыргызстандын Түркиядагы (1998–2002) жана Ирандагы (2007–2012) Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.
Бүгүнкү күндө Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин саясат таануу кафедрасынын профессору.