Медициналык клиникалар текшерилди. Жыйынтыгы начар болууда

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 40

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана анын башында турган министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жүргүзгөн реформасынын бир жыйынтыгы чыкты сыяктанат. Анткени азыр Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жеке медициналык клиникалар текшерилип жатат. Чын-чынына келгенде жеке медициналык клиникалардын жапырт текшерилиши өлкө эгемендүүлүгүнөн тарта жүргүзүлө элек болчу. Аларды текшерүү зарылчыгылы келип чыккандыгы тууралуу коомчулук көп эле маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеште да айтылганы менен жыйынтык чыкпай келген.

Эске салсак, учурда өлкө боюнча 2700дөн ашык жеке менчик клиника жана ооруканалар иштейт. Алардын көбү стоматологиялык, гинекологиялык кызмат көрсөткөндөр.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жапыр текшерүүнү өлкөдө гепатит менен ВИЧ-инфекциясынын өсүп жаткандыгынан улам баштагандыгын Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева билдирди.

Адистин айтымында текшерүүдөн кийинки жыйынтык кейиштүү болууда. Клиникалардын көбү лицензиясыз жана медициналык талаптарды аткарбастан иштээри ачыкталды.

Кээ бир клиникалар лицензия алган учурда да катталган дарегинен башка жайда иштеп жатканы, санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерди бузганы, косметологиялык клиникаларда медициналык билими жок адамдар иштегени жана башка ушул сыяктуу бир топ мыйзам бузуулар катталганын министрлик билдирди. Мындан тышкары дагы бир мыйзам бузуу аныкталган. Ал сулуулук салондорунун уруксатсыз косметологиялык кызматтарды көрсөткөндүгү болгон. Сулуулук салондо деле ийне сайып, пластикалык операцияларды жасап, Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз дарылоо иши» беренесин бузган фактылары ачыкталды.

Гепатит жана ВИЧ инфекциясынын жайылып баратышынын себеби стамотологиялык гинекологиялык клиникалардын көбөйүшү деп айтып келгенибиз менен дал ошол сулуулук салондо тырмакка кам көрүү процедураларынын да кооптуулугу тууралуу коомчулук көп биле бербей келген. Эми министрлик сулуулук салондорун да катуу көзөмөлгө алууну солгундантпайт деген ишеним пайда болду. Азыр ар бир салондо маникюр, педикюр кызматтары бар. Бирок, алар тиешелүү талаптар менен жүргүзүлбөйт. Ал эми ийне сайуу аркылуу көрсөтүлүп жаткан косметологиялык кызматтардын түрлөрү улам көбөйүп, аны көзөмөлдөгөн эч бир орган жок.

Гинекологиялык жана стоматологиялык клиникалардын кейиштүү абалы тууралуу текшерүү аяктаган соң министрлик дагы маалыматтарды берет. Бирок, маселе маалыматтын берилишинде эмес. Алардын буга чейин канча адамга айыккыс дарттардын инфекцияларын жугузгандыгында. Бир адам инфекция жуктуруп, ал бүтүндөй үй-бүлөгө жайылып, азап тартып жаткандардын убалы кимге. Эмнеге ушул убакка чейин бул маселе республикалык деңгээлде көтөрүлгөн эмес. Саламаттыкты сактоо министрлиги дал ушул көйгөйгө көңүл буруп, чоң бурулуш жасады.

25-апрель, 2022-ж. / Редакция / Медицина 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X