Медина Кайрылбекова ТүркПАнын аялдар тобун жетектейт
Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Аял парламентарийлер тобунун башчысы болуп дайындалды.
Маалыматка ылайык, эл өкүлүнүн талапкерлиги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда каралып, колдоо тапты.
Бул дайындоо Түрк мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгынын алкагында аял депутаттардын өз ара байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган.