"Эркин-Тоо"

МЭЭГЕ УНИКАЛДУУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ

Гезитибиздин 29-марттагы санында Доктор К.Меңдибаев клиникасында неврология оорулары, геморрагиялык жана ишемиялык инсультту дарылоо, нейрохирургиялык операциялардын бардык түрлөрүн, башкача айтканда мээдеги жана жүлүндөгү шишиктерди алып салуу, мээнин кан тамырларындагы аневризмди клиптөө, омурткалар ортосунда пайда болгон грыжаларды микрохирургиялык жол менен алып салуу, мээнин жана жатындын кан тамырларына эндоваскулярдык стент коюу, аневризмди эмболизациялоо сыяктуу операциялар ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жаткандыгы тууралуу макала жарыялаган элек. Ал макалада Кыргызстанда биринчи болуп Япониянын Toshiba биплан ангиографиялык комплекси ушул клиникада орнотулуп, иштей баштаганы айтылган. Мындай алдыңкы технология азырынча республикабыздын бир да жеринде жок.

Бул медициналык аппараттын кандай артыкчылык тарга ээ экендигине дагы бир жолу токтоло кетели. Анын башкы артыкчылыгы, эки дугалуу (ууктуу) болгондугунда. Эгерде дугасыз моноплан аппараты мээнин кан тамырларынын бир тарабын гана көрсөтө ала турган болсо, Toshiba биплан ангиографиялык комплекси мээнин кан тамырларын бардык тарабынан даана көрсөтүүгө жөндөмдүү жана операцияны коопсуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Адатта инсульт, жүрөктүн миокарды сыяктуу кан тамыр ооруларынын көп учурагандыгы баарыбызга маалым. Эгерде мээ кан тамырында аневризма жарылган болсо кишинин башы катуу ооруйт, көөнү айланат, кусат. Жүрөктүн кан тамырынын кайсы бир жеринде кандын айлануусу начарласа, анда адамдын дем алуусу кыйындайт, жүрөгү ооруп өмүрүнө коркунуч туулат. Ал эми бөйрөктүн артериясынын стенозу кан басымын жогорулатып, бөйрөк гипертониясына алып келет. Мындай учурда оорулуу ултраүндүү доплярография, же бөйрөк кан тамырларынын ангиографиясынан өтүүсү керек болот. Анын жыйынтыгы менен бөйрөктүн кан тамырынын стенозу аныкталса, ага эндоваскулярдык жол менен стент коюу зарылдыгы келип чыгат. Мындай учурда оорулуу Доктор Меңдибаевдин клиникасына кайрылса, Toshiba биплан ангиографиялык комплексин колдонуу менен мээ, жүрөк, бөйрөк артерияларынын стенозун таап, ичкерген артерияга стент коюп, артерияны кеңейтип, кан менен толук камсыздоону ийгиликтүү жүзөгө ашырат. Эндоваскулярдык операция жасоодо оорулуунун эч жери кесилбейт жана кан жоготпойт. Оорулуу мындай операциядан кийин кыска убакыттын ичинде калыбына келет жана 2 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.

Бул макалада эндоваскулярдык операция жасоодогу эң маанилүү бир өзгөчөлүккө токтолууга туура келип отурат. Эгерде кимдир бирөө инсультка чалдыгып колу, буту иштебей, сүйлөөсү начарлаган болсо аны тез арада 2-3 сааттын аралыгында «Доктор К.Меңдибаев клиникасына» алып келүү керек. Анткени, мындагы Tohsiba биплан ангиографиялык аппараттын жардамы менен мээге эндоваскулярдык операция жасоо менен орулууну калыбына келтирүүгө мүмкүн болот. Жакында 66 жаштагы А.А. аттуу бейтап эс учун жоготкон, сол колу, сол бутунун кыймылы начарлап, көздүн көрүүсү начарлаган абалда, оң ныптамадагы мээнин орто артерия (МОА) чөйрөсүндөгү ишемиялык инсульт, оң мээнин орто артериясынын (МОА) №1 дисталдык сегментинин окклюзиясы, сол жактуу гемиплегия диагнозу менен келип түшкөн. Ага Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, медицина илимдеринин кандидаты доктор Кочкор Меңдибаев башында турган Уланбек Ташбаев, Кутманбек Рахманов, Залкарбек Тойчиев сыяктуу тажрыйбалуу хирургдар тобунун тез арада жасаган эндоваскулярдык операциясы ийгиликтүү аяктап, натыйжада бейтаптын абалы сезилерлик жакшырган. Башкача айтканда колу, буту иштеп, сөзгө келип калган.Бейтап эки күндөн кийин өз буттары менен басып, үйүнө чыгарылды. Чынында операциянын ийгиликтүү болуусуна инсультка кабылган бейтапты өз убагында 2 сааттын ичинде кечиктирбей клиникага алып келгендиги түрткү болгон. Буга чейин клиниканын хирургдары эгерде инсультка кабылган бейтапты убагында клиникага алып келсе биплан технологиясын колдонуу менен оорулууну айыктырып жиберүүгө мүмкүн экенин билишкен. Бирок, ангиографиялык жабдуу орнотулгандан бери инсультка кабылган бир да бейтап өз убагында клиникага келген эмес. Демек өз убагында кайрылгандыгынын үзүрлүү, жемиштүү экендигин жакында А.А. аттуу бейтапка жасалган ийгиликтүү эндоваскулярдык операция айгинелеп көрсөтүүдө.

Дареги: Бишкек ш., Курултай көч.,
тел.: (0553) 10-30-00, (0772) 17-61-33,
(0555) 17-61-63, (0505) 10-30-00

№103 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 22-ноябры
Абдимуктар АБИЛОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!