Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 125

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда кытайлык Жиа Лонгго 4:3 эсебинде жеңилди.

Жуманазарова мелдешти 1/8 финалдан баштап, индиялык Шришти 5:1 эсебинде жеңген.

Чейрек финалда кыргызстандык балбан Париж Олимпиадасынын коло байге ээси, америкалык Кеннеди Блейдсти туше менен утуп, жарым финалга чыккан.

Ал эми жарым финалда монголиялык Делгермаа Энхсайханды 5:1 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

Мээрим Жуманазарова буга чейин 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Ошентип, ал дүйнө чемпионаттарындагы медалдарынын санын дагы бирге көбөйттү.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 125
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X